Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Шанхайдан Торонтого учуп бараткан Air Canada компаниясынын учагы аба уюлгусуна туш келип, анын кесепетинен Калгари аба майданына конууга аргасыз болду.

Аргасыз конгондогу жыйырмадан ашуун жүргүнчү ар кандай деңгээлде алган жаракат менен ооруканага түштү. Аба лайнердин бортунда үч жүздөн ашуун жүргүнчү бар болчу. Жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар көп болгондуктан учкучтар Торонтого жетпей Канаданын Калгари шаарынын аба майданына учакты кондурууну чечишкен.

Ал жерден "Тез жардам" автоунаасы жабырлануучуларды тосуп алып, аларды түз эле ооруканага жеткирди. Дарыгерлердин айтуусунда, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү далысынан жана моюнунан жараат алган. Жабырлануучулардын ичинде өтө оор жараат алгандар жок.

Жүргүнчүлөрдүн айтуусунда, учак тынч учуп баратып бир кезде өйдө-ылдый кайкый баштаган. Калгари аба майданынын кызматкерлеринин айтуусунда, учуудан жабыр тарткан көпчүлүк жүргүнчүлөр башка учак менен Торонтону көздөй учуп кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG