Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө ниеттенүүдө


АКШ президенти Обаманын администрациясы Ирандын баллистикалык ракеталарды жасоо иштерине катышы бар жеке адамдарга жана компанияларга каршы жаңы санкцияларды даярдап жатканы тууралуу The Wall Street Journal басылмасы ишенимдүү булактарына шилтеме берип жазды. Бул санкция Гонконгдогу, Бириккен Араб Эмирлигиндеги жана Ирандагы 12 компанияга жана жеке тараптарга киргизилиши мүмкүн.

Муну Иран бийлиги 2015-жылы июлдагы макулдашуунун шарттарынан четтөө катары кабыл алган. Анткен менен, өзөктүк программаны кыскартуу тууралуу ал макулдашууда Тегеран өзөктүк дүрмөттөрдү алып жүрүүчү баллистикалык ракеталарды жасап чыгууга тыйууну буза турган болсо, ага карата жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү калтырылган болчу.

XS
SM
MD
LG