Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:27

ИИМ: жаңы жыл түнү адам өлтүрүү боюнча эки учур катталды


Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун “Азаттыкка” айтымында, Жаңы жыл түнү дээрлик тынч өттү. Катталган кылмыштардын саны мурдагы майрамдарга караганда азыраак болгон. Маалыматка караганда, майрамды борбордук “Ала-Тоо” аянтынан тоскон кишилердин саны 5-7 миңге жеткен. Алардын арасында премьер-министр Темир Сариев баштаган айрым министрлер да болду.

Сеитовдун айтымында, адам өлүмүнө алып келген эки окуя, Бишкекте жана Ысык-Көлдө катталды. Балыкчы шаарында майрамды белгилеп жаткан 16 жаштагы өспүрүмдөр ортосунда чатак чыгып, бирөө бычак жеп каза болду. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Башка катталган кылмыштардын көбү мал уурулук, тоноо, мушташуу, денесине залал келтирүү сыяктуу мыйзам бузуулар болгон.

Ошондой эле республика боюнча 19 жол кырсыгы катталып, эки киши каза таап, 29у жабыр тарткан.

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG