Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Бельгияда терроризмге шектүү алты адам кармалды


Брюсселдин көчөсү
Брюсселдин көчөсү

Бельгия полициясы жаңы жыл түнү теракт уюштурууну пландаган алты жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, алар буга чейин колго түшкөндөрдүн ишин улантууну көздөгөн.

Бельгия прокуратурасы 29-декабрда Брюсселде кол салууларды уюштурууну пландаган деген шек менен эки кишини камакка алган. Териштирүүдө колго түшкөндөр Түндүк Африкадан келгендердин Kamikaze Riders деген байкердик тобунун мүчөсү экени аныкталган. 31-декабрда алардын баш коргоо чарасы каралып, бир айга камалган.

Коопсуздук жүйөсүнөн улам Брюссел мэри Жаңы жылдык оюн-зоокторду жана фейерверк атууну чектеген чечим чыгарган.

Быйыл 13-ноябрда коңшу Парижде 130тай кишинин өмүрү кыйылган террордук чабуулдардан бери Брюсселде террор коркунучу сакталууда. Террордук чабуулга тартылгандардын айрымдары Брюсселдин араб тектүүлөр жашаган кварталынын тургундары болуп чыккан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG