Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жарандардын милицияга ишенимин арттыруу максатында алардын ишин баалоонун жаңы критерийлери иштелип чыкты. Ага ылайык, көз карандысыз сурамжылоо жүргүзүлүп, тартип коргоо органдарынын ишине, анын ичинде ар бир кызматкерге өзүнчө баа берилет.

Буга чейин “Реформа жана анын жыйынтыгы үчүн” биримдиги жүргүзгөн анализге ылайык, сурамжылоого катышкандардын 83 пайызга жакыны ИИМде реформа болушу керектигин айтышкан. Ал эми 55 пайызы милицияга ишенбей турганын билдиришкен.

Кыргызстанда Ички иштер министрлигин реформалоо аракети дээрлик беш жылдан бери көрүлүүдө. Бирок адистер бул жаатта эч кандай жыйынтык чыкпай жатканын сындап келишет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG