Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Тель-Авивдеги кол салуу эки өмүрдү алды


Израиль -- Тель-Авив көчөсүндөгү полиция кайгуулу, 1-январь, 2016
Израиль -- Тель-Авив көчөсүндөгү полиция кайгуулу, 1-январь, 2016

Тель-Авив шаарынын чок ортосунда жайгашкан, жаштар көп чогулчу бир бардагы кол салуудан кеминде эки адам мерт болуп, үч киши жаракат алды. Жума күнү түштөн кийин бул жерде жаштардын бир тобу туулган күн белгилеп жатканда белгисиз адам кирип келип, автоматтан ок жаадырган да из жашырып кеткен. Полиция азыр кылмышкерге издөө салуу менен бирге бул кол салуу алдын-ала мерчемделгенби, кол салган адам Палестиналыкпы деген суроолорго жооп издөөдө.

Channel 10 телеканалы жаштарга кол салган адам 30 чакты ок атканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG