Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Өзбекстанда тамеки тартууга чектөө күчөтүлдү


Кошуна Өзбекстанда коомдук жайларда тамеки тартууга салынган тыюу күчөтүлдү. Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске киргизилген мындай өзгөртүүгө өлкө президенти кол коюп, ал 30-декабрдан күчүнө киргенин "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Ага ылайык коомдук жайларда тамеки тарткандарга эң аз айлыктын үчтөн бири өлчөмүндө, же 43 миң өзбек суму эсебинде айып салына турган болду. Бул кыргыз сомуна оодарганда миң сомдон ашыгыраак болот.

Эми мындан ары Өзбекстанда атайын бөлүнгөн жайларда гана тамеки чегүүгө уруксат берилет.

Бул кошуна өлкөдө коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салган мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Бирок анда эч кандай жаза чаралары белгиленбегендиктен мыйзам иштебей жаткан эле.

XS
SM
MD
LG