Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Кабулдагы жардыруу үчүн "Талибан" жоопкерчилик алды


Кабулдагы жардыруудан кийин, 1-январь, 2015.

Кабулдагы жардыруудан кийин, 1-январь, 2015.

Ооган полициясы Кабулдун борбордук бөлүгүндө жаңы жылдын алгачкы түнүндө болгон жардыруудан кеминде төрт адам жаракат алганын кабарлады. Жанкечти-террорчу бомба коюлган автоунаа чабуулун чет элдиктер көп кирчү Le Jardin француз ресторанына багыттаганы айтылууда.

Бул жардыруу үчүн "Талибан" жоопкерчилик аларын аталган экстремисттик топтун өкүлү Забибулла Мужахид Твиттерге жазды.

Мунун алдында полиция Кабулдун борбордук бөлүгүндө, көптөгөн чет элдик элчиликтер менен өкмөттүк мекемелер жана ресторандар жайгашкан аймакта катуу жардыруу болгонун гана кабарлап, бирок жапа чегүүлөр туралуу маалымат айтылбай жаткан.

Жергиликтүү медиа бул окуядан соң ооган коопсуздук күчтөрүнүн кийимин кийген бир шектүү адам кармалганын жазып чыккан.

Бул чабуул ооган бийликтери 11-январда Пакистанда талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантуу боюнча сүйлөшүү болорун жарыялагандан бир күндөн кийин болуп отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG