Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

ИИМ автоунааларды милдетүү түрдө камсыздандырууга каттоого коюу тууралуу мыйзамды коомдук талкууга чыгарды. Мыйзамга ылайык, МАИ кызматкерлери айдоочунун документтерин текшерүү учурунда, салык төлөгөндүгү жана унаа камсыздындырууга коюлгандыгы тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Талкуудагы мыйзам боюнча жол кырсыгы катталган учурда тараптар пикир келишүү менен камсыздандыруучу компания аркылуу маселелерин чечип алса болот.

Мындан башка айдоочулар унааны милдеттүү камсыздандырууга каттоого койбогон учурда, транспорт каражаттын айдоого тыюу салынат.

Мыйзам күчүнө кирсе, өкмөт жакынкы бир жылда 80% өлкөдөгү унааны милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүүнү мерчемдөөдө. Анда ар бир айдоочу жылына 2 миң сомдон жогору акы төлөп турууга милдеттүү болот. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG