Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Ок жеген жоокер жалпы бөлүмгө которулду


28-декабрда 714-аскер бөлүгүндө күзөттө туруп ок жеген жоокердин абалы жакшы. Травматология жана ортопедия илимий борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун ырасташынча, жоокер реанимациядан жалпы бөлүмгө которулду.

28-декабрда таңга маал 714-бөлүктө кароолдо турган аскер Аскар Мейкин уулу эки сержантты атып салган. Алган жаракаттан улам алардын бирөө ооруканада көз жумган. Окуя болгон күнү Улуттук гвардиянын тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев "Азаттыкка" кароолдо турган жоокерге кол салуу болгондуктан ал курал колдонгонун айткан эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG