Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Орусия Киевдин шарттарына макул эмес


Крым, Симферополь
Крым, Симферополь

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Киевдин шарттарына ынанбаганын айтып, электр энергияны Крымга тартууда жергиликтүү элдин пикирине таянарын маалымдады.

"Орусия Крымга электр жарыгын тартуу боюнча маселеде Украина менен келишимге кол койбой коюушу мүмкүн. Эгерде Киев жарым арал Украинага таандык дей бере турган болсо, Орусия сүйлөшүүдөн чыгып кетет", – деди Песков.

Буга чейин Орусиянын коомдук пикирин иликтөөчү борбордун жетекчиси Валерий Федеров Крым элинин 93 пайызы Украинадан электр энергияны тартып келүүгө каршылыгын билдиргенин маалымдаган.

Сурамжылоо 31-декабрдан 1-январь аралыгында жүрүп, жарым арал жана Севастополь шаарынын 3 миң тургунунун пикири эске алынган. (SDz)

XS
SM
MD
LG