Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Согушчандар Индиянын аскер базасына кол салды


Индиянын Пакистан менен чектеш аймагындагы авиациялык базасы согушкерлер тобунун чабуулуна кабылды. Indian Express басылмасы маалымдагандай беш адамдан турган террористтер тобу Пенжаб штатындагы Патханкот базасына таңкы саат 3 жарымдарда кол салган.

Атышуу убагында төрт согушкер өлтүрүлүп, авиабазанын техникаларына залал келтирилген жок. Ошентсе да аскер кызматкерлери тарабынан эки адам окко учканы кабарланат.

Жума күнү эрте менен Патханкотто куралчан адамдар полиция башчысынын унаасын айдай качып, бир адамды барымтага алышкан. Барымтадагы адам бычак жегенине карабай аман калып, азыр көрсөтмө берип жатат. Ал эми уурдалган унаа шаардагы аскер базанын жанынан табылган. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG