Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Орусия Түркия менен визасыз каттамды токтотту


Жаңы жылдын келиши менен Орусия Түркия менен визасыз каттамды токтотконун орусиялык маалымат каражаттар жазышууда. Бул чечим 2015-жылдын 24-ноябрдагы орусиялык аскер учагын түркиялыктар атып түшүргөнүнө каршы чара экени айтылат.

27-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түркия менен 1-январдан баштап визасыз режим жоюларын расмий билдирип, 28-ноябрда президент Владимир Путин тийиштүү жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, визасыз каттам Орусияда туруктуу жашап жаткан Түркиянын жарандарына жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери үчүн кала бермекчи.

Орусия Түркия менен визасыз каттамды 2010-жылдын май айында киргизген. Эки тараптуу келишимге ылайык эки өлкөнүн жарандары 30 күн каттоосуз жүрө алышчу. 2011-жылы Түркия бир тараптуу Орусиянын жарандарына каттоосуз 60 күн жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген документти кабыл алган. Орусия болсо ал мөөнөттү узарткан эмес. (SDz)

XS
SM
MD
LG