Украинада бүгүнкү күндөн баштап Орусия менен эркин соода алмашуу режими жокко чыгууда. Орусиянын товарларына мындан ары бажы төлөмдөрү кошулуп, бул чара бир жылга созулмакчы.
Украинанын министрлер кабинети атайын токтомду 30-декабрда кабыл алып, Орусиянын бажы төлөмдөрүн киргизүү аракетине ошондой эле кадам менен жооп беришти.
Мындан башка Украина Орусиянын айрым товарларын таптакыр киргизүүгө тыюу салып жатат. Бул чаралар 6-августка чейин уланып, жалпысынан 43 түрдөгү товарга эмбарго жарыяланды.
Натыйжада эт, балык, сүт продукциялары, кофе, чай, кондитердик жана ун азыктары, спирт ичимдиктери ж.б. бир катар азык-түлүк товарларын Украинага алып кирүүгө тыюу салынды. Азык-түлүктөн башка тамеки, жер семирткич, шампунь ж.б. бир топ товарлар тыюу салынгандардын тизмегин толуктады.
2016-жылдын 1-январынан баштап Орусия Украина менен эркин соода алмашуу келишимин токтоткон. Бул келишим 2011-жылда кабыл алынган эле. (SDz)