Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Хакерлер Орусиянын байланыш министрине чабуул жасады


Орусиянын байланыш министри Николай Никифоровдун Instagram баракчасы хакердик чабуулга кабылды. Орусиялык маалымат агенттиктери билдиргендей, белгисиз бирөөлөр анын өздүк баракчасына Түркияга байланыштуу бир нече сүрөттөрдү жайгаштырып койгон.

Жоопкерчиликти Börteçine Siber Tim деп аталган хакерлер тобу өз мойнуна алып, алар түркиялыктар экенин айтышкан.

Министрдин социалдык түйүндөгү баракчасына коюлган сүрөттөрдүн арасында учак, Түркиянын желектери жана Түркиянын мамлекеттик ишмерлеринин сүрөттөрү болгон.

Окуядан соң орусиялык жана түркиялык соцтармактагы колдонуучулар сүрөттөргө активдүү комментарийлерди калтырып, талкууга алышкан.

Николай Никифоров 2012-жылы Орусиянын байланыш министри кызматын аркалап келет. Ал 29 жашында өкмөттүн курамында эң жаш министр болуп калган. (SDz)

XS
SM
MD
LG