Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Индияда Грузиянын элчиси каза болду


Грузиянын Индиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Леван Нижрадзе дүйнө салды. Бул тууралуу “Грузия онлайн” порталы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип маалымдады.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги элчинин жакындарына көңүл айтып, "Бул биз үчүн чоң жоготуу болду. Леван мырза жыйырма жылдан ашык мекенине кызмат кылып, чебер дипломат эле" деп жазды.

Леван Нижрадзе 2014-жылы Индияда элчи кызматына киришкен. Ошол эле кызматта ал Таиланд, Шри-Ланка, Непал жана Бангладеш өлкөлөрүндөгү дипломатиялык алакаларга жооптуу болгон. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG