Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Украина: 17 жаштагылар аскердик каттоого алына баштады


2016-жылдан баштап Украинанын аскер комиссариаты 1999-жылы төрөлгөн балдарды каттоого ала баштады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Харьковщинада эле 30-мартка чейин 8 миң улан аскердик каттоого алынмакчы. Алар алгач аскерде кызмат өтөөгө жарамдуулугу боюнча медициналык кароодон өтүп, маалымат кагаздарын алышат.

17 жаштагы балдар аскер комиссариатында каттоого туруп жатып, аскердик кесипти тандоого ниеттери тууралуу сүйлөшүүлөрдөн да өтүшөт. Украинада өспүрүмдөрдү каттоого алуу жараяны жылына январь айынан мартка чейин уланат. (SDz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG