Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Палестин үй-бүлөсүн өрттөөгө шектелген эки израилдикке айып коюлду


Батыш жээкте болгон өрттөн үч палестиналыктын каза болушуна байланыштуу полиция жөөттөр конушунда жашаган жаштардан турган израилдик экстремисттик топту бул ишке негизги шектүү деп кармады.

Бул топтогу эки адамдын бирине адам өлтүрүү, экинчисине ага жардам кылганы үчүн айып коюлду.

Быйыл июль айында Дума айылындагы Саада, Рихам жана алардын бир жарым жашар уулу Алинин өлүмү палестиналыктардын нааразалыгын жараткан. Бул кылмышты иликтөөнүн создугуп кетүүсү Израилде жана Батыш жээкте зордук-зомбулукка себепчи болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG