Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Бишкекте балдар үчүн “Лотос кыз” спектакли тартууланат


"Лотос кыздын" аткаруучулары.

"Лотос кыздын" аткаруучулары.

Кытай жомокторунун негизинде даярдалган “Лотос кыз” спектакли 4-5-январь күндөрү Бишкектеги Улуттук филармонияда болот. “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун колдоосунда “Туңгуч” театры даярдаган “Лотос кыз” спектакль-балетинде эч кандай сөз сүйлөнбөй, окуя бий аркылуу баяндалат. Бул тууралуу спектаклдин режиссеру – Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова билдирди.

Аталган спектаклдин бетачары декабрдын соңунда болуп, майрамдан кийин балдарга көрсөтүлөрү кабарланган.

“Туңгуч” театры мындан ары балдар үчүн дүйнө элдеринин жомокторун сахналаштыруу долбоорун баштамакчы. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG