Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту


Эки мамлекеттин желеги.

Эки мамлекеттин желеги.

Сауд Арабия бийлиги Тегерандагы элчилигине жасалган кол салуудан соң Иран менен дипломатиялык алакасын токтотту. Кол салуу 3-январда болгон. Андан бир күн мурун Сауд Арабияда белгилүү шиит диний үгүттөөчүсү Нимр Бакр аль Нимбра өлүм жазасына тартылган. Ирандын калкынын көбү шииттер болгондуктан, диний үгүттөөчүнүн өлүмүнө нааразы топ Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигинде бүлүк салышкан. Митингге чыккандар дипмиссиянын имаратына таш ыргытып, элчиликтин жарым бөлүгүн өрттөшкөн.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубейр митингчилердин жоругу Иран менен мамилени токтотууга алып келгенин жарыялады. Билдирүүдө Иран дипломаттары өлкөдөн 48 саат ичинде чыгып кетүүсү зарылдыгы айтылат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG