Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Тажикстан сомонини эркин коё бериши ыктымал


Тажик сомониси.
Тажик сомониси.

Эксперттер 2015-жыл тажик экономикасы үчүн оор болгонун белгилеп, алдыда мындан да кыйын абал күтүп турганын айтышууда. Алардын баамында, 2008-2009-жылдарга салыштырмалуу былтыркы жылдагы каатчылык аябагандай эле сезилди. Буга Орусиядагы экономикалык кырдаал, муну улай мигранттар которгон акчанын азайышы түрткү болду. Мындан улам улуттук валютанын долларга карата наркы кескин төмөндөдү. Тажик бийлиги абалды жөнгө салуу үчүн антикризистик план иштеп чыккан. Эми Казакстан менен Азербайжандын артынан Тажикстан да сомонини эркин кое берери күтүлүүдө.

Орусиянын Борбордук банкы кабарлагандай, өткөн жылы тажикстандык мигранттар которгон акча 1 миллиард 54 миллион долларды түзгөн. Андан мурунку жылдары которулган акчалар 3 - 4 миллиард долларга жеткен эле.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда миллионго чукул тажикстандык жарандар иштейт. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG