Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Украинада айтылуу “Совет шампанынын” аты өзгөртүлдү


Киевдеги “Столичный” шампан заводу “Советское шампанское” деген ат менен белгилүү ичимдиктин атын өзгөрттү. Мындан ары ал “Советовское шампанское” деп аталат. Бул тууралуу аталган өндүрүш ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын 21-ноябрында аталган соода маркасы декоммунизация жөнүндөгү мыйзамга ылайык тыюу салынган товарлардын катарына кирген.

Москва менен Киевдин мамилеси муздагандан бери Украинада совет дооруна таандык аталыштарды жоюу аракети күч алды.

Компания жетекчилиги “жаңы жылдык майрамдын атрибуту” саналып калган ичимдикти сактап калуу үчүн анын аталышын ушинтип өзгөрткөнүн кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG