Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиевдин “Азаттыкка” айтуусунда, теолог Кадыр Маликовго кол салгандарды экстрадициялоо маселеси азырынча токтоп турат. Анын белгилешинче, министрлик аларды кайтарып алуу боюнча зарыл документтердин баарын Түркияга жөнөткөн.

- Түркия тарап да өз ара иш-чараларды өткөрүп жатат. Ошону күтүп жатабыз. Азырынча бул маселе токтоп турат.

Кадыр Маликовго 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын жаагына бычак урушкан. Маликов кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун тарапкерлери болгонун билдирген. Кол салды деп шектелген эки киши Түркиянын Сирияга жакын Газиантеп шаарынан кармалган. Бул ишти министр Мелис Турганбаев өз көзөмөлүнө алган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG