Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Майкл Макфит өлкөдөн чыгып кетти


Майкл Макфит
Майкл Макфит

“Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын кызматкери, Британиянын жараны Майкл Макфит улуттук баалуулуктарды басмырлады деген кинеге кабылып, анын негизинде 5-январда өлкөдөн чыгарылганын Чек ара кызматы маалымдады.

Макфитти өлкөдөн чыгаруу чечимин Каракол шаардык соту 4-январда кабыл алды.

Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, алдына дасторкондогу чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырып жазып койгон. Социалдык тармактарда сынга кабылган бул жазуу үчүн кийинчерээк ал кечирим сураган.

Жарандык активисттердин кайрылуусунун негизинде 2-январда “Манас” аэропортунан кармалган Майкл Макфиттин аракеттери Каракол шаардык прокуратурасы, милициянын облустук башкармалыгы тарабынан териштирилип, анын негизинде шаардык сот тарабынан аны өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаардык сотунун төрагасы Мадамин Азимжанов билдирди.

"Кумтөр" ишканасынын ширетүүчү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөн Майкл Макфиттин айланасындагы чууга анын жаңы жыл түнү интернеттеги баракчасына "Кыргыздар атайын деликатес - аттын жыныстык мүчөсүн жегени кезекте турушат" деп жазышы түрткү берген. Кумтөр кенинин буга нааразы жергиликтүү кызматкерлери иш таштоого чейин барышып, анын негизинде кызматынан алынып, Кыргызстандан чыгып кетип бараткан Макфитти ИИМ кызматкерлери кармап, кайра Ысык-Көл облустук милиция кызматынын карамагына берген.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмилбек Салиев буларды айтты:

- 2-январь күнү саат жети жарымда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө "Кумтөрдүн" жергиликтүү жумушчулары жамааттык арыз менен кайрылган. "Биздин кызматкерибиз майрамдап отурганда жылкынын чучугун башка нерсеге окшоштуруп, Фейсбуктагы барагына чыгарып койгон" дешти. Ошол арызынын негизинде аны Бишкектин аэропортунан алып келдик.

Майкл Макфит өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазганын толугу менен мойнуна алып, жазган постун өчүрүп, жаңы билдирүү жазган. Анда Макфит "кыргыз эли жана аттын жыныстык мүчөсү жөнүндө жазганым үчүн кечирим сурайм. Мен эч кимди капа кылып, басмырлайын деген оюм жок болчу, дагы бир жолу кечирим сурайм" деп билдирген.

Анткен менен айрым байкоочулар Майкл Макфиттин аракетин адегенде Кылмыш кодексинин "улут аралык мамилени козутту" деген беренесине такаган жергиликтүү тартип коргоо кызматтары маселени тынч жайгаруунун жолун издеп убара болгонун айтып чыгышты.

Прокуратура жана облустук милиция чет элдик жаранды кармап, сурак жүргүзүүнүн негизи тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Ал арада Макфиттин сураган кечиримин "Кумтөрдө" иштеген жергиликтүү жумушчулар кабыл алып, ишин улантып жаткандыгы кабарланды.

"Кумтөр" ишканасынын басма сөз кызматы болсо Макфит башка уюмдун өкүлү болгонун ырастайт:

"Майкл Макфит "Кумтөрдүн" кызматкери болгон эмес. Ал "Кумтөр" менен казуу иштери боюнча келишим түзгөн башка уюмдун өкүлү. Анын телефон номери "Кумтөрдө" катталган эмес. Ал бүгүн Кыргызстандан чыгып кеткен болуш керек".

Жергиликтүү айрым байкоочулар бул өңдүү көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн алдын алуучу чаралар көрүлүшү керектигин айтышат. Алардын бири, өзүн юристмин деп тааныштырып, бирок атын атоону каалабаган жергиликтүү жаран мындай деди:

- Булар келгенде биздин шартты эч ким түшүндүрбөйт. "Элибиз мындай, каада салты бул, мындай тамак ичишет" деп кыскача тааныштырып коюшса болот да. Бул жерде "Кумтөр" ишканасынын катачылыгы болуп калды. Эл аралык чууга себепкер болду.

Юристтин баамында, сырттан келип иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарды улуттук баалуулуктар менен тааныштыруу жаатында компаниялар, анын ичинде "Кумтөр" да иш алып барбайт. "Анын кесепети өлкөнү эл аралык коомчулук алдында ушундай ыңгайсыз жагдайларга кириптер кылып жатат" деди юрист.

Кумтөрдөгү иш таштоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG