Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:39

Бул тууралуу “Азаттыкка” өспүрүм курактагы кыздарга нике кыйган молдону кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштаган мыйзам долбоордун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева билдирди. Анын билдиришинче, баш кошуп жаткан жубайлар расмий каттоодон өтмөйүнчө молдонун нике кыюусуна уруксат бербөө боюнча мыйзам долбоору учурда коомчулуктун талкуусуна коюлду.

- 15 - 16 жаштагы кыздарга нике кыйып үйлөнүп алган фактылар бар экен. Бул туура эмес, бала деле бул куракта жетиле элек болот. Ата-энеси макул деп койгон менен, өз өмүрүнө кол салып, суициддин баары ошондон чыгып атат. Нике күбөлүгү жокторго нике кыйган молдолорду кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Негизи эле “нике” деген жолду токтотуш кеерк. Кийин ажырашып, анын артынан жапа чеккендер канча.

Мыйзам долбоорго ылайык, жубайлардын расмий каттоого алынганы тууралуу күбөлүктү көрбөй туруп нике кыйган молдолорду 3-5 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жаңы иликтөөсүнө караганда, акыркы кезде жашы жете элек куракта никеге турган кыздардын саны өсүүдө. Кыргызстанда өспүрүм куракта, 14-17 жашта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Бул жыл сайын 7 миңдей эселек күйөөгө тиет дегенди билдирет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG