Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

1-февралдан тартып SIM-картасын каттатпагандардын телефону өчүрүлөт


Байланыш агенттигинин маалыматына караганда, SIM-картаны мурда сатып алган бардык абоненттер 31-январга чейин өз уюлдук оператору менен келишим түзүш керек. Болбосо 1-февралдан тартып тейлөө токтотуларын эскертүүдө.

Өкмөт коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукту кыскартуу максатында 2014-жылы SIM-картаны милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү боюнча токтом кабыл алган. Байланыш агенттигинин маалыматына ылайык, 2015-жылдын декабрь айына карата 354 абонент каттоодон өтө элек.

Расмий маалымат боюнча, азыр өлкө ичинде 7,5 миллиондон ашуун SIM-карта колдонууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG