Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Лесное айылында эки күндөн бери электр энергиясы 5-6 саатка өчүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын тургуну, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. Анын айтуусунда, жарык Жаңы жыл майрамынын алдында да эки күн өчкөн.

-Эки күндөн бери өчүп жатат. Таңкы саат 8ден кечки 5ке чейин электр энергиясы жок отурабыз. Жарык жок болсо, суу дагы чыкпайт. Элдер кар эритип ичип жатышат. Райондук электр станциясына чалсам алгач чектөө деп айтышкан, азыр ремонт деп айтып калышыптыр. Эмнеге жайында эмес, кычыраган кышта ремонт жасашат!?

Токтонасыровдун айтышынча, айылдын тургундары жакында жарыкты үзгүлтүксүз берүүнү жана тарифти мурдагы калыбына түшүрүүнү бийликтен талап кылып тынч митингге чыгууну көздөөдө.

“Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Гуля Мураталиева Лесное айылында Улуттук электр тармактары иш жүргүзүп жатканын, бул тууралуу алдын ала маалымат берилгенин “Азаттыкка кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG