Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:47

Бахрейн Иран менен дипломатиялык байланышын үздү


Сауд Арабия Иран менен мамилесин үзгөндүн эртеси Бахрейн анын жолун улап, Тегеран менен дипломатиялык алаканы токтотконун жарыялады. Ошондой эле Бахрейн эки күндүн аралыгында өзүнүн элчисин Ирандан чакыртып аларын белгиледи.

Сауд Арабия Тегерандагы элчилигине чабуул болгонуна байланыштуу ошондой кадамга барганын жарыялаган. Ага чейин Сауд Арабияда шиит диниятчысы өлүм жазасына тартылганына ачууланган Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү шиит коомдоштуктары каршылык акциясына чыгышкан. Тегеранда жаалданган топ Сауд Арабиянын элчилигине таш атып кирип барып, имараттын жарымын өрттөп салган. Буга чейин Бириккен Араб Эмирлиги Иран менен байланышты үзө турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG