Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

“Жихадчы” деп шектелген жарандын жакындары милициянын үстүнөн даттанды


Кыргызстандан Сирияга жихадка деп кеткендер саны расмий түрдө 500гө чамалайт.

Кыргызстандан Сирияга жихадка деп кеткендер саны расмий түрдө 500гө чамалайт.

Сирияда согушкерлердин даярдыгынан өтүп келди деген шек менен 24-декабрда кармалган жалалабаддык Абдулазиз Исмаиловдун жакындары ички иштер кызматкерлери аны кыйнаганын айтып, укук коргоочуларга кайрылышты. Жалал-Абаддагы “Справедливость” жана Бишкектеги “Voice of Freedom” укук коргоо уюмдары кабарлагандай, күч кызматкерлери күнөөсүн мойнуна алдырыш үчүн Абдулазиздин башына желим баштык кийгизип, токмоктошкон. Жакындары анын денесинде кыйноодон калган издерди сүрөткө тартып алган.

Абдулазиз Исмаилов азыр Оштогу убактылуу кармоочу жайда камакта. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы анын Сирияга барып келгени, ал жакка башкаларды да жихадга тартуу аракетин жасаганы аныкталганын “Азаттыкка” билдирип, кыйноого алынбаганын маалымдоодо. Милициянын ырастоосунда, Исмаиловду кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, милиция күч колдонгон. Денесинде калган тактар ошондон болушу ыктымал.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирияга жихадга кеткен кыргызстандыктардын саны 500гө чамалайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG