Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Дания менен Швецияда чек арадагы көзөмөл күчөтүлдү


Жакынкы Чыгыштан Европага агылган качкындар.
Жакынкы Чыгыштан Европага агылган качкындар.

Дания өкмөтү 4-январдан тарта Германия менен чек арасында убактылуу көзөмөл күчөтүлөрүн жарыялады. Премьер-министр Ларс Лёкке Расмуссен билдиргендей, бул чара Жакынкы Чыгыштан Европага агылган мигранттардын токтобой жатканына байланыштуу киргизилди. Чек ара он күнгө жабылып, зарылчылык туулса дагы узартылышы мүмкүн.

Ошол эле күнү Швеция дагы мигранттар агымына байланыштуу Дания менен чек арасында көзөмөлдү күчөткөн. Швед өкмөтү качкындар маселеси улам татаалдашып баратканын билдирген.

Ал арада Германия бийлиги Дания менен Швециянын бул кадамын сындап, алар Шенген аймагын кооптуу абалга түртүп жатканын белгиледи.

2015-жылдын күзүнөн бери Сирия, Ирак жана Ооганстандан качып, Европага баргандар саны миллиондон ашты. Швеция 160 миң, Дания 18 миң мигрантка башпаанек берген. (SE)

XS
SM
MD
LG