Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:49

АКШ Иран жана араб өлкөлөрүн ымалага келүүгө чакырды


Жаалданган көпчүлүк Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигинин имаратын өрттөп ийишкен, 2-январь, 2016-жыл.

Жаалданган көпчүлүк Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигинин имаратын өрттөп ийишкен, 2-январь, 2016-жыл.

АКШ бийлиги Иран менен мамилеси кескин муздап бараткан араб өлкөлөрүн ымалага келүүгө чакырып, чыңалган абалды жайгарууну сунуштады. Мамлекеттик катчы Жон Керри Сауд Арабия менен Иран ортосунда тутанган араздашуунун кесепетин эки мамлекеттин бийлик өкүлдөрү менен телефон аркылуу талкуулаганын мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сауд Арабияда өткөн жума соңунда шиит динаятчысы өлүм жазасына тартылган соң Иранда массалык нааразылыктар чыгып, жарандар Эр-Рияддын Тегерандагы элчилигине чабуул жасашкан. Мындан улам Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык алаканы токтоткон. Андан соң Кувейт, Йемен, Мисир, Бириккен Араб Эмирлиги, Судан жана Бахрейн да Тегеран менен мамилени үзөрүн жарыялашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG