Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:00

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Зулумбек Жамашев каза болду


Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Зулумбек Жамашев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маркум 1924-жылы Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кара-Көл айылында төрөлгөн. Бир катар райондук, облустук соттордо иштеп, 1967-жылы Жогорку Соттун төрагалыгына шайланган. 1974-жылы кайра бул кызматка шайланып, 15 жылдай төрага болгон.

Анын жолун кызы Феруза Жамашева улап, ал да Жогорку Соттун төрайымы даражасына чейин көтөрүлгөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG