Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Орусия аркылуу Украинадан товар ташуу токтоду


Украинадан чыккан "Рошен" маркасындагы таттууларга башка өлкөлөрдө талап күч.

Украинадан чыккан "Рошен" маркасындагы таттууларга башка өлкөлөрдө талап күч.

Украинанын Экономиканы өнүктүрүү министрлиги 4-январдан тарта орус тарап өз аймагы аркылуу башка мамлекеттерге украин товарларын өткөрүүнү толугу менен токтотконун жарыялады. Расмий Киев бул чектөөлөрдү “акыйкаттыкка коошпогон кысым” катары баалап, Москваны Дүйнөлүк соода уюмундагы милдеттерин бузуп жаткандыгын айтып, соода тоскоолун айыптап чыкты.

1-январда Орусия президенти Владимир Путин тиешелүү жарлыкка кол койгон. Анда украин товарларын орус жергеси аркылуу Казакстанга жеткирүү тартиби жазылган. Эми анын негизинде Украина жүктөрү Белорусиядан киргенде, санариптик навигациялык жабдык менен гана өткөрүлөт. Ошондой эле жүк ташуучулар идентификация каражаттарын колдонуусу шарт.

1-январда Орусия менен Украинанын ортосунда эркин соода аймагы тууралуу келишим да күчүн жоготкон. (SE\NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG