Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Олимпиадалык резерв мектебинин жетекчилигине сынак уланууда


Олимпиадалык резерв мектеби.

Олимпиадалык резерв мектеби.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинен кабарлашкандай, Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын жетекчисин тандоо сынагы уланууда. Маалыматка караганда, буга чейинки эки талапкер сынактан өтпөй калгандыктан 29-январга чейин аны улантуу чечими чыккан.

2015-жылы 20-октябрда Бишкектеги Олимпиадалык резерв окуу жайынын 50дөн ашуун тарбиялануучусу таш, таяк, союл менен коңшулаш жайгашкан №38 орто мектепке кирип келиишип эшик-терезелерди талкалап, окуучуларды сабап кетишкен. Ушул окуядан кийин аталган спорт мектебинин мурдагы башчысы Муратбек Кыбраев иштен алынган болчу.

Премьер-министр Темир Сариев бул окуу жай 2016-жылдын сентябрынан тартып спорт мектебине айландырылып, ал Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынын коллежи катары иштей баштарын билдирген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG