Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кичи футбол боюнча “Наристе 2016” аталышында эл аралык мелдеш өтүүдө.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришкендей, 3-январда башталган мелдешке 57 команда катышууда.
Турнирдин алкагында ар кандай жаш курактагы ардагерлер, күч түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн командалар беш топтом медаль үчүн ойношот. Финалдык оюндар 10-январда өтөт. (ECh)