Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

“Ош электр” ишканасынын маалыматына ылайык, Оштогу Улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров электр энергиясы үчүн 300 миң сом карыз. Мындан сырткары экинчи саунасынын иши сотто болгондуктан анын карызы да төлөнбөй турат. “Дордойдун” Өзгөндөгү филиалы 154 миң сом карызын төлөй элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишкананын маалымат катчысы Талгат Алиханов кабарлады. Анын айтуусунда, соңку кезде акылдуу эсептегич коюлгандан бери белгилүү аткаминерлердин көбү карызын төлөй баштаган.

Маалыматка караганда, жакында эле электр энергиясын пайдаланганы үчүн мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 160 миң сом, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 20 миң, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урмат Аманбаева 600 миң сом төлөгөн. Анын дагы 101 миң сом карызы калган. Мурдагы депутат, азыр БШК менен соттошуп жаткан Жыргалбек Саматов 100 миң сом карызын жакында төккөн.

Эки жыл мурда электр акысынан качкандарды тартып жүргөн КТРК журналисттери сабалган. Коомчулук жана жарандык активисттер колунда бар аткаминерлер арасында узак убактан бери карызын төлөбөй же мыйзамсыз колдонгондор арбын экенин сындап келишет.(YI/КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG