Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Менделеевдин мезгилдик системасына дагы төрт элемент кошулду


Химиялык элементтерди мезгилдүү жадыбалга жайгаштырып чыккан орус окумуштуусу Дмитрий Иванович Менделеев ( 1834 – 1907).
Химиялык элементтерди мезгилдүү жадыбалга жайгаштырып чыккан орус окумуштуусу Дмитрий Иванович Менделеев ( 1834 – 1907).

Жаңыдан киргизилген элементтердин туруктуу аты жок. А болгону алар 113, 115, 117 жана 118 деген катар сандары менен көрсөтүлгөн. Окмуштуулар бул элементтерге кийин ат коюшары белгиленди. Менделеевдин мезгилдик системасы же болбосо Менделеевдин таблицасы мына ошентип жаңы химиялык элементтер менен толукталды.

Бул тууралуу теориялык жана колдонмо химиянын эл аралык бирлигинин сайтында маалымат жарыяланды. Бул химиялык элементтер мындан бир топ жыл мурун эле ачылган болчу. Бирок муну кайра текшерүүдөн өткөрүүгө эксперттерге убакыт керек эле.

115,117 жана 118 деген химиялык элементтерди орусиялык жана америкалык изилдөөчүлөр тобу ачса, 113 элементи жапониялык окумуштууларга таандык. Менделеевдин мезгилдик системасы XIX кылымдын орто ченинде түзүлгөн. Ал башында 63 элементти ичине камтыган.

XS
SM
MD
LG