Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:40

Кытайдын Нинся провинциясында автобустагы өрттөн 14 киши набыт болду


Кытайдын түндүк-батышындагы Нинся провинциясында шаардык автобустан чыккан өрттөн 14 адам мерт кетип, отуздан ашууну жараат алды.

Жараат алгандардын арасынан сегиз адам оор абалда экени маалым болду. Өрттүн себептери айтылган эмес. Жергиликтүү бийлик бул ишке шектүүлөр изделип жатканын кабарлашты.

Иньчуань шаардык акимчилигиндеги булактар CCTV телеканалына билдиргендей, окуя болгон жерде автобуста кокустан эле өрт тутанып кеткен. Социалдык түйүндөрдө күйүп жаткан атвобустун тасмасы жайылды.

Бийлик бул окуяга байланыштуу Ма Юнпинь деген адам изделип жатканын жарыялады. Полиция аны бул окуяга байланыштуу негизги шектүү катары атап, анын сүрөтүн ар кайсы жайларга илди.

XS
SM
MD
LG