Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Майкл Макфит Кыргызстандан чыгып кетти


Майкл Макфиттин соцтүйүндөгү өздүк баракчасындагы сүрөтү.

Майкл Макфиттин соцтүйүндөгү өздүк баракчасындагы сүрөтү.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Чек ара кызматынан ырасташты. Маалыматка караганда, “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасы менен кызматташкан Британиянын жараны Майкл Макфит бүгүн эртең менен өлкөдөн чыгып кетти.

31-декабрда Майкл Макфит жаңы жылдык кечеде түшкөн сүрөтүн интернетке жайгаштырып, дасторкондогу чучукту малдын уяттуу мүчөсүнө салыштырган. Бул жазуу социалдык түйүндө активдүү талкууланып, айрым жарандык коомдун өкүлдөрү аны кыргыз элин шылдыңдоо катары кабыл алышкан.

2-январда “Манас” аба майданынан кармалган Макфит "улуттук баалуулуктарды басмырлады" деген негизде Каракол шаардык прокуратурада сурак берип, кайра бошотулган болчу. Кийин Макфит жазган билдирүүсү үчүн кыргыз элинен кечирим сураган.

4-январда Каракол шаардык соту Майкл Макфитти Кыргызстандан чыгаруу чечимин чыгарган.

"Кумтөр" ишканасынын басма сөз кызматы Майкл Макфит "Кумтөр" менен келишим түзгөн башка уюмдун өкүлү экенин билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG