Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Кара-Кечеге Жылуулук-электр борбору салынат


Кара-Кече көмүр кени.
Кара-Кече көмүр кени.

Кара-Кече көмүр кенинин жанына Жылуулук-электр станциясын (ЖЭБ) салуу боюнча быйыл жазында тендер өткөрүлөт. Анда көмүр жылуулугунан электрэнергиясы иштелип чыгат. Мындан сырткары Жогорку Нарын жана Баткендеги Бел-Алма кенине 80 мегаваттык ЖЭБ курууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев КТРКнын “Биринчи радиосуна” берген маегинде билдирди.

Өкмөт башчы Кыргызстан гидроэнергетикага басым жасарын, орто жана чакан ГЭСтерди ишке киргизүү менен өлкөнүн энергетикалык кубаттуулугун 160 млрд. кВт саатка жеткирүү пландалып жатканын кошумчалады. Ошондой эле Сариев Казакстандан сатылып алынчу электр энергиясына 60 млн. доллар төлөнөрүн белгиледи.

Экономика министрлиги Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы Казакстандын компаниясы менен 100 млн. кВт саат көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG