Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:56

Электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында тиешелүү мекемелерге коомдук жайларды, анын ичинде, кафе, ресторан, сауна жана ири ишканаларды "акылдуу эсептегичке" өткөрүү тапшырылды.

Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радиого” берген маегинде премьер-министр Темир Сариев билдирди. Ал эсептегичтин эң кымбаты 150 доллар турарын белгилеп, бардык ишканалардын аны сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин “Ош электр” ишканасы электр жарыгынын акысын төлөбөй жаткан белгилүү адамдардын атын ачыкка чыгарган. Маалыматка ылайык, Оштогу Улуттук драма театрынын директору Асан Мансуров электр энергиясы үчүн 300 миң сом, “Дордойдун” Өзгөндөгү филиалы 154 миң сом карыз экени айтылган. Ал эми "акылдуу эсептегичтер" коюлган соң бир катар саясатчы, депутаттар 20 миңден 600 миң сомго чейинки карызын төгүшкөн. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG