Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Индиянын премьер-министри Пакистан өкмөтүн террорчуларга катуу турууга чакырды


Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди өзүнүн пакистандык кесиптешине чек арага жакын жайгашкан Патанкот авиабазасына террордук кол салууну уюштурган уюмга каршы чечкиндүү чара көрүү керек экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Пакистандын өкмөт башчысы Наваз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн индус өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады. 2-январда болгон бул кол салуудан жети индус аскери набыт болгон. Андагы эки тараптуу ок атышуу төрт күнгө созулуп, 5-январь күнү согушкерлерди толук тындым кылуу кылуу менен аяктады. Бул кол салууну Кашмирдеги көтөрүлүшчүлөрдүн жихадчылар бирикмеси өзүнө алды. Индия бПакистанды Кашмирдин бир бөлүгүндөгү куралдуу топторду куралдандырып, даярдайт деген кине коюп келе жатат. Исламабад бул дооматты четке каккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG