Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

Өкмөт башчы Миң-Куштагы уран калдыктарынын абалын көрөт


Миң-Куш шаарчасы.
Миң-Куш шаарчасы.

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн жумушчу сапар менен Нарындын Жумгал районуна барып, 7-декабрдагы жер силкинүүдөн жабыркагандардын абалы менен таанышат.

Мындан бир ай мурдагы жер титирөөнүн күчү аталган аймакта 6,5 баллга жеткен. Андан 252 турак-жай жана социалдык объекттер зыян тартып, жашоочуларга мобилдик үйлөр берилген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Сариев Миң-Куш шаарчасындагы уран калдыктары сакталган жерге да барат. Аталган жайда 450 миң тонна уран калдыгы бар. Ал жердеги жарака беш метрге жетип кооптуу кырдаал түзүлгөн. Уран сактоочу жайды башка жакка көчүрүү маселеси он жылдан ашык мезгилден бери талкууланып келет.

Жумушчу сапардын соңунда премьер-министр Чаек айылында эл менен жолугуп, өткөн жылдын жыйынтыктары жана 2016-жылдын пландары тууралуу көчмө жыйын курат. (SE)

XS
SM
MD
LG