Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Кёлн шаарында Жаңы жыл алдында аялдарга сексенге чукул кол салуу болду


Германиянын Кёлн шаарынын мэри Генриетта Рекер бул маалымат чыккандан кийин полициянын катышуусунда чукул жыйын чакырып, криминогендик кырдаалды талкуулады. Бул кол салуулардын көпчүлүгү шаардын темир жол бекетине жакын жерлеринде болгон.

Алдын ала маалымат боюнча ага миңге чукул агрессивдүү маанайдагы эркектер катышкан. Кёлндин полиция башчысы кол салгандардын көпчүлүгү Жакынкы Чыгыштан жана Түндүк Африкадан келгендер экенин билдирди.

Кол салууга дуушар болгондордун арасында кеминде бир аял зордукталып, көпчүлүгү каракталган. Жабырлануучулардын арасында аял полициячылар дагы бар. Полиция учурда бул окуялар алдын ала пландалып уюштурулганын иликтеп жатканын кабарлады.

Аялдарга кол салуу фактылары Гамбургда жана Штутгартта катталганы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG