Coca-Cola компаниясынын Украинадагы өкүлчүлүгү "ВКонтакте" социалдык тармагына жарыялаган картада Крымды Орусиянын бөлүгү катары көрсөткөнү үчүн кечирим сурады жана сүрөт интернеттен алып салынганын маалымдады.
30-декабрда компаниянын социалдык тармактагы расмий баракчасында жаңы жылдык куттуктоо менен Орусия картасын жайгаштырылган. Бирок анда Крым көрсөтүлгөн эмес. Орусиялыктар буга нааразылык билдирген соң 5-январда картаны жаңылап, Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары жарыялашкан. Буга нааразы болгон украиналык жарандык активисттер Coca-Cola продукцияларына бойкот жарыялоо демилгеси менен чыгышкан. (SE)