Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

Хакерлердин чабуулу Украинада жүз миңдеген үйдү жарыксыз калтырды


Украинанын электр тармактарына эки апта мурун уюштурулган киберчабуулдун натыйжасында жүз миңдеген турак-жай жарыксыз калды. Ушул жума башында берилген расмий маалыматка ылайык, Иваново-Франковск облусунунун жашоочуларынын тең жарымынын электр энергиясы үзүлгөн.

Маселени изилдеген iSIGHT Partners тобу электр тармактарынын компьютер системасын бузуп кирген вирус аймактык 3 тейлөө операторун иштен чыгарганын аныктады.

Black Energy деп аталган бул программа 2007-жылдан кийин пайда болду. Соңку кездери компьютер системасын бузуу боюнча кошумча функциялар менен байып бараткан кооптуу программалардын бири болуп саналат. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, аны Москвадагы Sandworm хакерлер тобу пайдаланат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG