Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

“Кыргызстан” павильонун кайтаруу боюнча сүйлөшүү болот


Москвада Кыргызстандын мөмө-жемиштери.
Москвада Кыргызстандын мөмө-жемиштери.

Кыргызстандын экономика министрлиги Москвадагы “Кыргызстан” павильонун өз карамагына өткөрүп алууну көздөөдө. Буга байланыштуу Москва шаардык өкмөтү менен сүйлөшүү үчүн министрликтин адистеринен турган атайын топ Москвага жөнөп кетти.

Мурунку сүйлөшүүлөрдө павильонду өткөрүп алуу Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык келишимине кошумча протоколго кол коюп, бекитүү менен ишке ашырылууга тийиштиги айтылган.

Экономика министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, павильон тиешелүү түрдө оңдоп-түзөөгө муктаж. Ремонт иштери Москва шаарынын маданий мурастар департаментинин көзөмөлү алдында жүргүзүлмөкчү.

Экономика министрлиги павильонду Кыргызстан тууралуу маалымат берүүчү, чет жактан туристтердин жана инвестициянын арбуусун шарттоочу түйүн катары пайдаланууну көздөөдө. Мындан тышкары “Кыргызстан” павильону бизнес коомчулугу, ишкер чөйрө үчүн да Кыргызстанды ар кандай тармакта таанытуучу аянтча болууга тийиш. Ошол эле учурда павильондун иши тарыхый-маданий багытта болуп, улуттук ашкананы сунуштаган ресторан иштөөсү болжолдонууда. Булардан тышкары “Кыргызстан” павильонунда мамлекеттик жана улуттук майрамдар, иш-чаралар белгиленип, адабият жана кино жаатындагы тематикалык кечелер өткөрүлүп турмакчы.

Москвадагы мурдагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунун (ВДНХ) аймагында жайгашкан соода үйлөрү мурунку союздук республикалардын өзүнө символдуу түрдө жылына 1 рублга ижарага берилген болчу. Өткөн жылдын аягында Кыргызстанга таандык павильонду орус өкмөтү кайтарып алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG