Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

ИИМ: Арстанбапта диний экстремизмди колдогондор көп


Арстанбаптыктардын нааразылык жыйыны.
Арстанбаптыктардын нааразылык жыйыны.

Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратып, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча экстремисттик жана террордук мүнөздөгү 19 кылмыштын бети ачылганын маалымдады. Бул кылмышка айыпталгандардын арасында мурда диний экстремизм боюнча соттолгондор бар, Арстанбап айлындагы үйлөрдү тинтүү учурунда диний-экстремисттик адабияттар, курал-жарактар табылган, деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдын 30-31-декабрында облустук ички иштер башкармалыгы, УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгы менен биргеликте диний экстремисттик уюмга шектүүлөрдүн үйүн тинтүүгө алып, Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда атайын операция өткөрүшкөн. Арстанбап айыл аймагындагы төрт үй тинтүүгө алынган. Буга нааразы болгон арстанбаптыктар 4-5-январда митингге чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG