Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Асанов: Элдин колунда 7700гө жакын желим ок тапанча бар


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, элдин колундагы куралдын 80-90% колдонулган. Маалыматка караганда, желим ок тапанчаны колдонуу менен соңку убактарда 15тей оор кылмыш катталса, алардын төртөө өткөн айда Чүй облусунда болгон. Катталган кылмыштардын ичинде адам өлтүрүү, талап-тоноо фактылары бар.

Бүгүн парламент желим ок атуучу куралдарды колдонууга көзөмөлдү күчөтүүгө байланышкан мыйзам долбоорду талкуулады. Эл өкүлдөрү курал алган учурда атайын окуудан өткөрүү, үйрөтүүнү, гильзаны текшерүүдө атайын код берүү жана сыйлыкка курал берүүнү токтотууну сунушташты.

Ноябрь айында Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук мамкаттоо башкармалыгындагы ок атуу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда мекеме жетекчиси кол алдында иштеген бөлүм башчысын желим ок тапанча менен төрт жолу аткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG