Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:18

Туюк-Суудагы уран калдыгы 15 чакырым алыстыкка көчүрүлөт


Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жер.
Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жер.

450 кубметр көлөмдөгү уран калдыгын көчүрүү долбоору менен бүгүн Нарында иш сапары менен жүргөн өкмөт башчы Темир Сариев таанышты. Ал Жумгал районунундагы Миң-Куш айылында уран калдыгы көмүлгөн жайларды көрүп чыкты. Миң-Кушта жалпысынан уран калдыгы сакталган 4 жер бар.

Туюк-Суудагы уран калдыгын көчүрүүнүн зарылдыгы калдыктар тоонун этегинде жайгашканына байланыштуу чыккан. Адистердин белгилөөсү боюнча, бул жерде жер көчкү жүрүү коркунучу бар.

Уран калдыктарын көчүрүү үчүн 1,8 млрд. рубль керек. Мунун 70% Орусия тарап мойнуна алган. Калганын Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан бөлүп көтөрмөкчү.(MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG